8 Temmuz 2016 Cuma

Киришүү

Киришүү

Аллахтын адамдар үчүн, алардын табиятына эң ылайыктуу катары тандаган дини – бул Ислам дини. Аллах динин адамдар аны жашай алышы үчүн абдан жеңил кылган. Дин ахлагы адамдардын жонундагы бардык кыйынчылыктарды, кысуучу жана чектөөчү, адамдарга кыйынчылык алып келген бардык оордуктарды жок кылат. Адамдын бир гана чексиз мээримдүү, боорукер, кечиримдүү, ыкластуу пенделери үчүн бүт нерселерди жакшылык (кайырдуу) кылып жараткан, бүт күч-кудуреттин ээси болгон Аллахтын ал адам үчүн аныктаган тагдырга өзүн тапшырышын, бүт нерседе бир гана Анын ыраазычылыгын максат кылып, Ага багытталышын кабардайт.
Ааламдагы бүт жандык, нерселердин жана ишке ашкан бардык окуялардын ээси болгон Аллахка ишенип, таянуу жана Аны дос тутуу – бул бир адамдын жашоосундагы бардык коркуу, тынчсыздануу, азап жана кыйынчылыктардын да жоголушу дегенди билдирет. Куран ахлагын жашаган бир адам үчүн дин алып келген эң маанилүү жеңилдик жана сонундуктардын бири ушул. Андан башка, Аллах бардык буйрук жана өкүмдөрүн адамдардын табиятына эң ылайыктуу негизде билдирген жана эч бирөөсүндө кандайдыр бир кыйынчылык жок.
Аллах Куранда дин ахлагынын жеңил экенин, Анын динине баш ийгендердин иштерин жеңил кылаарын мындайча билдирген:
«Жана сени оңой (жол)до ийгиликтүү кылабыз.» (Аъла Сүрөсү, 8)
«...Ал силерди тандап алды жана силер үчүн диниңерде (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(нде болгон сыяктуу)...» (Хаж Сүрөсү, 78)
Пайгамбарыбыз (сав) да бул аяттар негизинде «Дин – бул жеңилдик.» (Buhari, Iman: 29; Nesai, İman: 28; Musned, 5:69) деп айтуу менен адамдарды дин ахлагын жашоого чакырган.
Адамдар динде кыйынчылык деп билген кыймыл-аракет же ишенимдер болсо динге кийинчерээк мушриктер (Аллахка шерик кошкондор) же адамдарды динден алыстаткысы келген каапырлар тарабынан кошулуп, акыйкат диндин бир бөлүгү сыяктуу адамдарга жеткирилген. Кээ бирөөлөр болсо өздөрүн такыбараак (Аллахтан көбүрөөк корккон) көрсөтүү үчүн кыйынын кылуу жакшыраак деген жаңылыштыкка кабылып, элге көрүнүүнү максат кылган бир дин түшүнүгүн кабыл алышкан. Чындыгында болсо, Пайгамбар Мырзабыз жанындагы Мусулмандарга дайыма динди жеңилдештирүүсүн буйрук кылган. Демек, ыкластуу Мусулмандар ушул буйрукка баш ийиши керек жана адамдарга жеңил нерсени оор көрсөтүүнүн күнөөсүн өз мойнуна топтобошу керек. Пайгамбар Мырзабыздын (сав) бул жөнүндөгү хадиси төмөнкүдөй:
«Жеңилдеткиле, оордоштурбагыла. Сүйүнчүлөгүлө, жаман көрсөтпөгүлө. Бири-бириңер менен жакшы мамиледе болгула, талашып-тартышпагыла. (Hz. Said ibni Ebu Berde r.a.) (Ramuz El-Hadis 2. Cilt, s. 510)
Бул китепте, Пайгамбарыбыздын (сав) ушул кеңешине ылайык, Аллахтын динин жашоонун абдан оңой экендиги эске салынат. Ошондой эле, Ислам дининин адамдын табиятына, бейпилдигине, бактылуулугуна эң ылайыктуу жашоо калыбы экендиги жана Куран ахлагына ылайык өмүр сүрүүнүн бир адам үчүн мүмкүн болгон эң жакшы жашоо экендиги тереңирээк баяндалат.

Куран – Жеңилдикке Жеткирүүчү Бир Жол Башчы

Куран – Жеңилдикке Жеткирүүчү Бир Жол Башчы

Биз сага Куранды кыйналышың үчүн түшүрбөдүк. (Аллахтан) Ичи титиреп корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.
(Таха Сүрөсү, 2-3)
Аллах тарых бою бүт адамзатка туура жолду табуулары, чындыкка жете алуулары жана дин жөнүндө маалымат алуулары үчүн ыйык китептер менен бул китептерди адамдарга жеткирген жана түшүндүргөн пайгамбарлар жөнөткөн. Аллах адамдарга жол көрсөтүүчү катары жөнөткөн акыркы китеп болсо – бул Куран. Бир аятта Куранды жол башчылык өзгөчөлүгү мындайча билдирилет:
Мындан (Курандан) мурда (алар) адамдар үчүн бир туура жол эле. Туураны туура эместен ажыраткан (Фуркан)ды да түшүрдү. Чындыгында, Аллахтын аяттарын жалганга чыгаргандар үчүн оор бир азап бар. Аллах күчтүү, өч алуучу.(Али Имран Сүрөсү, 4)
Аллахтын Курандан мурда түшүргөн китептери мушриктер жана динге душман болгон адамдар тарабынан бурмаланып, бузулган. Ал китептер, арасына бир катар ойдон чыгарылган нерселер жана батыл (жалган) ишенимдер кошулуу менен, чыныгы абалынан алыстатылган. Бирок Аллах акыркы китеп болгон Курандын бузулбашы жөнүндө аяттарда так өкүмүн айткан жана кыямат күнүнө чейин корголоорун төмөнкүчө билдирген:
Эч шексиз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында Бизбиз. (Хижр Сүрөсү, 9)
Батыл (жалган) ага алдынан да, аркасынан да келе албайт. (Себеби Куран) Өкүм жана хикмат ээси, көп макталган (Аллах)тан түшүрүлгөн. (Фуссилет Сүрөсү, 42)
Курандын кыяматка чейин жарактуу экенин жана корголоорун билген момундар мунун кубанычын жана бейпилдигин жашашат. Куран – бул адам ар бир өкүмүнө, ар бир буйругуна так ишенимде болгон, жүрөгүндө жана абийиринде эч кандай ыңгайсыздык жана шек пайда болбостон, ээрчип баш ийе турган бир китеп. Адамдардын мынчалык «ишенимдүү» бир жол башчысынын болушу – абдан чоң бир немат-жакшылык жана Аллах Кабатынан берилген бир ырайым, мээрим. Аллах Курандын момундар үчүн маанилүүлүгүн бир аятында төмөнкүдөй билдирүүдө:
... Биз Китепти сага бүт нерсенин түшүндүрмөсү, Мусулмандарга бир хидаят (туура жол), бир ырайым жана бир сүйүнүчтүү кабар катары түшүрдүк. (Нахл Сүрөсү, 89)
Куранды билген жана өзүнө жол башчы кылган ар бир адам өзүнүн жаратылуу максатын, Аллахтын ыраазычылыгына, ырайымына жана бейишине жетүүнүн жолун, бейиш жана тозокто кандай жашоо болоорун, Аллахтын жаратуу сырларын, эң сонун ахлакты жана дагы көптөгөн маалыматты эң туура жана толугу менен үйрөнөт.
Бир адам дин жөнүндө сурай турган жана ага башка адамдар тарабынан узатыла турган ар кандай суроо да Куранда жооптолгон. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:
Алар сага кандай гана мисал алып келбесин, Биз (ага карата) сага акыйкатты жана эң сонун түшүндүрүү жолун алып келебиз. (Фуркан Сүрөсү, 33)
Куран аяттары менен дин жөнүндө толук маалымат берилген сыяктуу, адамдар арасында талаш жарата турган эч нерсе калтырылбай жооптолгон. Аллах Курандын түшүрүлүү себептеринен бирөөсүнүн адамдар талашып-тартышкан темаларды түшүндүрүү экендигин төмөнкүдөй билдирген:
Биз Китепти бир гана (алар) талашып жаткан нерселерди аларга түшүндүрүшүң жана ишенген бир коомго ырайым жана хидаят болушунан башка (бир максатта) түшүрбөдүк. (Нахл Сүрөсү, 64)
Аяттан байкалгандай, Куран – бул Аллахка ыйман келтирген, ыкластуу пенделер үчүн улуу бир ырайым жана бүт темада бир жол башчы. Аллах Куран аркылуу бизге биз биле албаган, жаратуу сыры болгон темаларды билдирет жана бүт адамдарды мындай маалыматтар менен эскертет. Мисалы, Куранда шайтандын бар экендиги, өзгөчөлүктөрү, максаты, адамдарга кайсы тараптардан жакындашы мүмкүн экендиги, кандай ыкмалар колдонушу мүмкүн экендиги, шайтандын тымызындык мүнөзү жана башка көптөгөн маалыматтар берилүүдө. Ал тургай, бир адамдын шайтандын таасиринен чыга алуу жолу да көрсөтүлүүдө. Куранда шайтан жөнүндө баяндалгандар момундар үчүн абдан чоң бир жеңилдик, себеби бул аркылуу шайтан сыяктуу тымызын жана аларга көрүнбөгөн жолдор менен жакындаган бир душманга карата адамдар дайыма кабардар болушат.
Куран абдан түшүнүктүү жана бүт адамдарга кайрылган бир китеп. Ошондуктан, адамдардын акырет күнүндө Аллахка дүйнө жашоосунда кылгандары үчүн сурак берип жатканда, «Мен мындан кабарсыз элем, мага айтылган эмес эле» дей ала турган же себеп көрсөтө ала турган эч кандай негиз жок. Аллах адамдарды Куран аркылуу эң сонун абалда эскерткен жана алардын жашоосу менен байланыштуу эң маанилүү темаларда маалыматтар берген.
Аллах дагы бир жеңилдик катары, адамдар оңойураак аңдап-түшүнө алышы үчүн Куранда аяттарды ар кандай мисалдар менен баяндаган. Аллах Курандын мындай услубун аяттарында төмөнкүчө билдирет:
Ант болсун, Биз аларга бир Китеп алып келдик; ыйман келтире турган бир коомго бир хидаят (туура жол) жана бир ырайым катары бир илимдин үстүндө аны ар кандай мисалдар менен түшүндүрдүк. (Араф Сүрөсү, 52)
...Кара, жакшылап аңдап-түшүнүүлөрү үчүн аяттарды кандайча ар түрдүү жолдор менен түшүндүрүп жатабыз? (Энъам Сүрөсү, 65)
Аллахтын өкүмдөрүнө карабастан, көбүнчө адамдар кабылган маанилүү каталардын бири – бул алардын Куранды бүт адамдар түшүнө бербейт деп ойлошу. Көп адамдар Куранды окуу, түшүнүү жана жашай алуу үчүн көп жылдык бир билим алуу керек деп ойлошот. Мындай пикирдеги адамдардын көпчүлүгү болсо Куранды бир жолу да окуп көргөн эмес, чынында. Же окуган болсо да, түшүнүүгө аракет кылган эмес, баштап жатканда эле аяттарды түшүнбөйм деп өзүн шарттап алган. Чынында болсо, Куран – Аллах аяттарында билдиргендей апачык. Чын ыклас менен Куранды окуган ар бир адам оңой гана түшүнө ала турган услупка ээ.
Куран тилинин абдан түшүнүктүү болушу адамдар үчүн абдан чоң бир жакшылык. Аллах адамдардын Куранда эч кыйналбастан окуп түшүнүүлөрү үчүн жеңилдеткенин бир аятында мындайча билдирет:
Биз муну (Куранды) сенин тилиңде жеңил кылдык, такыба (Аллахтан корккон) адамдарга сүйүнүчтүү кабар айтышың жана тирешкен (талашкан) коомду эскертип-коркутушуң үчүн. (Мерйем Сүрөсү, 97)
Аллах ырайымынын жана мээриминин бир натыйжасы катары, адамдар түшүнүшү үчүн динин мынчалык жеңилдеткен, демек адамдын милдети – бир гана Аллах билдиргендер жөнүндө ойлонуу жана аларды ишке ашыруу. Бирок, ушуга карабастан, көп адамдар жеңил жол турганда, оор жолду тандашууда. Өздөрүнө туура эмес жол башчылар издешүүдө, жашоо максатын үйрөнө алган, түбөлүк кутулушуна себепчи боло турган Курандан алыс жашашууда. Бир аятта да билдирилгендей, Пайгамбарыбыз (сав) да бул жөнүндө Аллахка минтип кайрылган:
Жана элчи (пайгамбар) айтты: «Раббим, чындыгында менин коомум бул Куранды ташталган (бир китеп) катары артка ташташты.» (Фуркан Сүрөсү, 30)
Жүрөктөрү ыраазы болгон абалда Аллахка байланган ыкластуу момундар болсо Курандын өкүм жана хикмат ээси болгон Раббибизден келген бир туура жолдун жол башчысы экендигин билишет. Аллах Курандын «момундар үчүн шыпаа жана ырайым» (Исра Сүрөсү, 82) экендигин да билдирген. Куран аяттары аркылуу адамдын акылында жарала турган суроолор жана шектер толугу менен жоголот жана адам өзүнө эң ылайыктуу ахлакты жана жашоо калыбын үйрөнгөн болот.
Абдан маанилүү бир нерсе бар: Аллах адамдарды Ислам табиятын жашаганда гана бактылуу, бейпил, акылы жана денеси ден-соолукта боло ала турган негизде жараткан. Буларга жетүү үчүн Курандан башка жол издегендер миңдеген, миллиарддаган жылдар өтсө да, эч качан издегенин таба алышпайт. Адамдын дүйнөдө жана акыретте бейпил жашашы үчүн жалгыз жол – бул Аллах адамдар үчүн түшүргөн Куранга жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтүнө баш ийүү. Аллах аятында билдиргендей, Куран адамдарды караңгылыктардан жарыкка чыгаруучу жалгыз акыйкат Китеп:
Алиф. Лам. Ра. Бул бир Китеп, Раббиңдин уруксаты менен адамдарды караңгылыктардан нурга, Ошол күчтүү жана мактоого татыктуунун жолуна чыгарышың үчүн сага түшүрдүк. (Ибрахим Сүрөсү, 1)
Аллахтын китебинин нурун ээрчигендер, жол башчылыгына баш ийгендер –Аллахтын каалоосу менен- дүйнөдө жана акыретте дайыма жеңилдиктерге жолугат жана сонун өмүр сүрүшөт.

Аллах Жеңилдикти Буйрук Кылган

Аллах Жеңилдикти Буйрук Кылган

Адамдардын көпчүлүгүнүн дин жөнүндөгү маалыматтары кичинекейинен баштап чөйрөлөрүнөн уккан нерселерине таянат. Динди чыныгы булагынан, т.а. Курандан үйрөнүшпөгөндүктөн, дин атына жамынган көптөгөн ойдон чыгарылган нерселерге, негизсиз ишенимге кабылышат. Мындай ишенимдердин эң коркунучтууларынын бири болсо – бул «динди жашоо кыйын» деген чындыктан алыс бир ишеним.
Тарых бою динди чыныгы маңызынан алыстатууну максат кылган жана диндин жашалышына тоскоол болуу үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдонуп көргөн адамдар динге көптөгөн оордоштуруучу кыймыл-аракет жана ойдон чыгарылган нерселерди кошууга аракет кылышкан. Өздөрү чыгарган мындай кошумчалар себебинен билип же билбестен адамдардын динден алысташына себеп болушкан. Чынында болсо, Аллахтын Куранда билдиргендери жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтү бизге дин менен жашоонун ыкластуу адамдар үчүн абдан жеңил экенин үйрөтүүдө.
Биринчиден бир нерсени айта кетүү керек; Аллах ааламдагы бүт нерсе сыяктуу адамды да жоктон жараткан. Адамды эң жакшы билген, ага күрөө тамырынан да жакын болгон Аллах динди да адамдын табиятына ылайыктуу жараткан. Аллах бир аятында адамдын дин аркылуу табиятына (жаратылышына) эң ылайыктуу нерсеге чакырылганын мындайча кабар берет:
Демек, сен жүзүңдү Аллахты жалгыз деп билген (бир ханиф) динге, Аллахтын ошол табиятына бур; (Аллах) адамдарды ушул негизде жараткан. Аллахтын жаратуусунда эч кандай өзгөрүү жок. Эң туура дин мына (ушул). Бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт. (Рум Сүрөсү, 30)
Раббибиздин боорукердик жана мээриминин бир натыйжасы катары кылымдар бою жөнөтүлгөн бардык акыйкат диндер дайыма аткарылышы абдан жеңил өкүмдөргө ээ болгон. Себеби Аллах адамдар үчүн дайыма жеңилдик каалаган жана «...Аллах силерге жеңилдик каалайт, кыйынчылык каалабайт...» (Бакара Сүрөсү, 185) аяты менен да бул чындыкты билдирген. Аллах койгон чектерден чыкпаган бир адам – ошол эле учурда, табиятына эң ылайыктуу, абдан сонун бир жашоону жашаган адам.
Бул чындыкты билбеген бир катар адамдар болсо дин ахлагынын чектери алынганда, бейпилирээк жашайбыз; мисалы, ахлактык баалуулуктарга маани бербегенде эркин болобуз деп ойлошот. Же болбосо, дин биздин жашообузду чектей турган бир катар чектөөлөрдү алып келет деп ойлошот. Чынында болсо, булардын баары адамдар түшкөн абдан чоң жаңылыштыктар жана шайтандын баш айлантма калптары. Себеби Аллахтын динин жашоо, адамдарга буйрук кылгандарын аткаруу абдан оңой. Чыныгы оор нерсе – бул Аллах билдирген чектерди тааныбаган адамдардан турган бир коомдо жашоо. Мындай жашоо абдан жаман натыйжаларды да алып келет.
Эң биринчиден, дин ахлагынан алыс жашаган коомдордо же динсиз адамдардын жашоолорунда дайыма башаламандык (хаос), каргаша, бейпилсиздик, коркуу, бактысыздык жана стресс өкүм сүрөт. Аллахтан коркпогон бир адам ар түрдүү ахлаксыздыкты жасайт, эч кайсы темада чегин билбейт жана бузулган бир өмүр сүрөт. Мындай жашоодо адамдар бир-бири үчүн өз мал-жанын сарпташпайт, сүйүү, урматты билишпейт, бир-бирине материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүшпөйт. Ушул себептен мындай жашоо эч качан, эч бир адамга бактылуулук алып келбейт. Дин ахлагынын чектери жоголгондо, адам өзүн бейпил сезе турган чөйрөгө толугу менен карама-каршы жана толугу менен шайтан каалагандай тозокко окшош бир чөйрө пайда болот.
Мисалы, бүгүнкү күндө биз көп жолуккан окуялардан болгон баңгизат колдонуу жана соодасынын жайылышы, сойкулук, паракордук, алдамчылыктын токтотууга мүмкүн болбогон бир абалга келиши сыяктуу абалдар толугу менен динден жана натыйжада ар кандай руханий баалуулук жана сулуулуктан алыстоо менен байланыштуу. Мындай чөйрөлөрдө адамдар өз ойлорунда эркинбиз жана каалаганыбызды кыла алабыз деп ойлошот. Чынында болсо, мындай чектери жок жашоолору аларга алып келген материалдык жана моралдык кыйроо экркиндик деп ойлошкон сезимдерден бир топ эсе жогору. Ойлоп көрүңүзчү, сойкулуктан, баңгизаттан же алкогольдон ден-соолугу бузулган, денеси өзүнүн жашынан бир топ эрте картайган, чачтары, териси жаркыраганын жана жандуулугун жоготкон, чарчаңкы, азаптуу бир өмүр сүргөн адамдар эмнеге жетише алышты? Чынында эле, чектен чыккан, ахлакка эч маани бербеген, максаты жок жана аягы жоктук деп кабыл алынган бир өмүр сүрүү, сөзсүз ар бир адамда денелик жана руханий абдан чоң кыйроолорго алып келет. Болгондо да мындай натыйжалар бүт адамдар көрө ала тургандай, эч жокко чыгарууга мүмкүн болбогондой даражада ачык жана так.
Бул жерде берилген мисалдар эң учкай мисалдар деп ойлогондор болушу мүмкүн. Бирок бир чындык бар: адам дин ахлагынан канчалык алыс жашаса, Аллахтын чектеринен канчалык чыкса, ошончолук бактысыз жана оор бир өмүр сүрөт. Бир адамдын бул жерде мисал берилгендей учкай, эң оор өмүр сүрүп жатпашы анын жеңил жана бактылуу өмүр сүрүп жаткандыгын көрсөтпөйт. Балким биз берген мисалдан бираз бейпилирээк жашайт. Бирок чыныгы бакытты жана бейпилдикти эч таба албайт. Болгондо да, акыр аягында бул адам Аллахтын буйруктарынан алыстаганы үчүн чоң бир бушаймандык сезе турган, кыйынчылык жана азаптардын эң чоңдорун тартып жашай турган акырет жашоосуна жолугат.
Аллахтан корккон жана дин ахлагынын талаптарын кемчиликсиз аткарган адамдар болсо дүйнөдө да, акыретте да чоң утушка жетишет. Эң негизгиси Аллахка баш ийүүнүн руханий жыргалчылыгын жана абийиринин бейпилдигин татышат. Алар үчүн дайыма бир сүйүнүчтүү кабар жана сулуулук бар. Аллах Анын ыраазычылыгына ылайыктууларга жана чектерди сактагандарга бир аятында мындайча сүйүнүчтүү кабар айтууда:
Тообо кылгандар, ибадат кылгандар, мактоо (хамд) айткандар, (Ислам жолунда) саякат кылгандар, рүку кылгандар, сажда кылгандар, жакшылыкка чакыргандар, жамандыктан кайтаргандар жана Аллах койгон чектерден чыкпагандар; сен (бардык) момундарга (ыймандууларга) сүйүнүчтүү кабар бер. (Тообо Сүрөсү, 112)
Абийирин укпастан, Аллахтын чектеринен чыкпоо багытында көңүлкош мамиле кылгандар же ыйманды жаман көрүп, ыймансыздыкты жакшы көргөндөр болсо, дүйнөдө да, акыретте да кыйынчылык жана азаптарга кабылышат. Аллах бир аятында мындайча билдирет:
...Булар Аллах койгон чектер. Ким Аллах койгон чектерден чыкса, чындыгында ал өз напсисине (өзүнө өзү) зулумдук кылган болот... (Талак Сүрөсү, 1)
Дин ахлагын жашоону оор деп ойлогон адамдар менен бирге, жогоруда айтылгандай, динди жашоону оор көрсөткөн адамдардын абалы бар. Диндин маңызын түшүнө албаган кээ бир адамдар динде ашыкча кетүүгө жакын болушат. Кээ бир адамдар эркиндикке жамынып чектен чыккан сыяктуу, кээ бир адамдар такыбалыкка (Аллахтан коркууга) жамынып, Аллах койгон чектерди өзгөртүү, оордоштуруу «эрдигин» кылышат. Бул түпкүрүндө шайтандын адамдарга тузагы. Аллах арам кылбаган нерсени арам деп, көбүрөөк тыюуларды чыгарууну бул адамдар бир артыкчылык деп ойлошот. Болгондо да, өздөрү чыгарган мындай эрежелерге өздөрү да зарыл деңгээлде баш ийишпейт жана мунун да абийир азабын жашашат. Аллах бир аятында Аз. Исадан кийин Исевиликти (Иса Пайгамбар алып келген динди) бузган христиандарды буга бир мисал кылган:
Кийин алардын изинен элчилерибизди бири-биринин артынан жөнөттүк. Мерйем уулу Исаны да аркаларынан жөнөттүк; ага Инжилди бердик жана аны ээрчигендердин жүрөктөрүнө бир боорукердик жана мээрим салдык. (Бир бидат катары) Чыгарган кечилдикти болсо Биз аларга жазбадык (буйрук кылбадык). Аллахтын ыраазычылыгы үчүн (чыгарышты), бирок аны чындап аткара алышпады. Биз алардан ыйман келтиргендерге соопторун бердик. Алардан көпчүлүгү бузукулар. (Хадид Сүрөсү, 27)
Ушул себептен, Аллах ыймандууларды мындай коркунучтан эскерткен жана динде чектен чыккандардын туура жолдон чыгышканын Куранда билдирген:
Айткын: «Эй китеп элдери (китеп берилгендер), адилетсиздик менен диниңерде ашыкча кетпегиле жана мурдатан адашкан, көптөгөн (адам)дарды адаштырган жана туура жолдон чыккан бир коомдун каалоолорун ээрчибегиле.» (Маида Сүрөсү, 77)
Адамдын милдети – бул Куранда Аллах адамдарга буйрук кылгандарын аткаруу жана тыюу салгандарынан качынуу. Аллах бүт нерсени адамдар үчүн жеңил кылып жатканда, динди оордоштурууга аракет кылгандар акыретте мунун жоопкерчилигин моюндарына алып, сурак беришет. Башка темаларда сыяктуу эле, бул темада да Пайгамбар Мырзабыздын жашоосу жана кылгандары бизге эң сонун мисал болот. Бир хадисинде куттуу Пайгамбарыбыз (сав) Аллахтын чектерин сактоону жана ошол эле учурда чектен чыкпоону момундарга эскертип, диндин жеңил экенин айткан:
«Дин оңой. Эч ким динге карата күчтүү боло албайт. Себеби динден жеңилет. (Б.а. диндин жеңилдигине көнүгүшү керек. Бекемирээк, оорураак кылайын деген алсыз болуп калат.) Жолуңарды, кыймылыңарды оңдогула, (чекке) жакын болгула.» (RamuzEl-Hadis, 1. Cilt, s.98)
Адамдар динди Пайгамбар Мырзабыздын (сав) жогорудагы хадисинде билдиргендей баалашы керек. Б.а. Аллах ачык жана түшүнүктүү кылган, аткарылышы оңой болгон өкүмдөрдү түшүнүксүз жана оор көрсөтүүлөрү чоң бир ката. Аллах Куранда билдирген өкүмдөрдү ар кандай шарт жана чөйрөдө, ар кандай адам оңой гана жасай ала турган кылып жеңилдеткен. Кийинки бөлүмдөрдө Аллахтын өкүмдөрүндө адал жана арам чектеринде адамдарга берген жеңилдиктердин кээ бирлерине орун берилет:

Тамак-Аштар Жөнүндө Жеңилдиктер

Аллах ырыскы катары адамдарга көптөгөн жакшылыктарды берген. Түркүн түстүү мөмөлөр, дүр-дүйүм тамактар, жашылчалар, эттер, суусундуктар, жемиштер... Баары адамдардын кызматына сунулган. Жана Аллах «Сенден аларга эмнелердин адал кылынганын сурашат. Айткын: «Бардык таза нерселер силерге адал кылынды.» (Маида Сүрөсү, 4) аяты менен адамдарга бардык таза тамактардын адал кылынганы билдирилген.
Аллах адамдарга арам кылганын билдирген тамактар болсо – бул союлбай өлгөн малдын эти, кан, чочконун эти сыяктуу, ансыз деле адамдар үчүн зыяндуу жана таза эмес тамактар. Аллах бир аятында мындайча буйурат:
Айткын: «Мага вахий кылынгандардын арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун (чочконун) эти болсо – булар ыплас (мурдар) жана арам. Же фасыктык (бузукулук) менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бул дагы арам).» Ал эми ким аргасыз бир муктаждыкта калса, араанын агытпай, чектен чыкпай (өзөк жалгагыдай) жесе болот. Шексиз, сенин Раббиң кечиримдүү, ырайымдуу. (Энъам Сүрөсү, 145)
Аятта арам болгон тамактар үчүн айтылган «мурдар» (ыплас) сөзүнүн көптөгөн хикмат-сырлары бар. Себеби чочконун эти адамдын денесине зыян бере турган өзгөчөлүктөргө ээ.
Мисалы, чочконун эти абдан майлуу, аны жегенде бул май канга өтөт. Кандагы бул ашыкча көлөмдөгү май тамырлардын катуулашына, кан басымынын жогорулашына жана жүрөк инфарктына себеп болот. Мындан тышкары, чочконун майындагы «сутоксин» деп аталган уулуу заттын сыртка чыгышы үчүн лимфа бездеринин кадимки абалынан көбүрөөк иштеши керек болот. Бул абал өзгөчө жаш балдарда лимфа боолорунун жаракаттанышы жана шишигине алып келет. Ошондой эле, чочконун этинде көп көлөмдө күкүрт бар. Денеге ашыкча көлөмдө кирген күкүрт тарамыш, булчуң жана нервдерге отуруп, тарамыштардын жаракаттанышы, белде эт өсүү сыяктуу ар кандай ооруларга жол ачат. Булардан тышкары, ар кандай тери оорулары жана трихина сыяктуу (трихина бир гана чочко аркылуу кирет жана адамдарда өлтүрүүчү бир абал пайда кылат) олуттуу ооруларга да себеп болууда. (Бул жерде чочконун этинин белгилүү жалпы бир канча зыянына гана көңүл бурулду.)
Байкалгандай, адамга зыян бере турган тамактардын арам кылынышы да адамдарга сунулган бир жеңилдик жана коргоо.
Бирок бул жерде дагы бир нерсеге көңүл буруу керек: Албетте бүт нерсенин арам же адал болушу толугу менен Раббибиздин буйругу менен. Жана адам бир гана Аллахтын буйругуна ылайык аракет кылуудан жоопкерчиликтүү. Аллах бир тамактын арам болушунун хикматтарын кааласа адамдарга көрсөтөт, каалабаса көрсөтпөйт. Бирок Аллах адамдарга бир жеңилдик болушу, жүрөктөрүнүн толук ыраазы болушу үчүн, жогорудагы мисалдан байкалгандай, бул хикматтарды адамдарга бир канча себеп менен көрсөтүүдө.
Аллах Куранда тыюу салынган тамактар жөнүндө сөз кылганда, адамдын башына келиши мүмкүн болгон ар кандай абалдарда кандай кыймыл-аракет кылышы керек экенин да түшүндүргөн. Ушундайча адамдардын күтүлбөгөн учурларда тынчсызданышынын алды алынган. Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар төмөнкүдөй:
Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал (жана) таза нерселерден жегиле жана эгер жалгыз Ага гана ибадат кылчу болсоңор, Аллахтын нематтарына шүгүр кылгыла. Ал силерге бир гана тарпты, канды, доңуздун (чочконун) этин жана Аллахтан башкага атап союлган (жаныбар)ды арам кылды. Ал эми бирөө мажбур калса, чектен чыкпай, сугунуп апсыкпай (жей алат). Себеби чынында Аллах кечиримдүү, ырайымдуу.» (Нахл Сүрөсү, 114-115)
Бул аяттын аягында Аллахтын кечиримдүү жана ырайымдуу экендигинин эске салынышы да момундарга бейпилдик берген жана аларга сүйүнчү айткан бир аят. Себеби адам алсыз жаратылган. Ката кылышы мүмкүн, унутушу мүмкүн, алаксып калышы мүмкүн, өзүн кармана албай калышы мүмкүн. Бирок Аллах аны чын ыкластан тообо кылса, кечирет жана коргойт.

Аллах Намаз Кылгандарга Берген Жеңилдиктер

5 убакыт намаз кылуу – Мусулман өмүр бою, калтырбастан кыла турган, Аллах койгон убакыттарда парз болгон бир ибадат. Ибадаттарын аткарбаган адамдар намаз кылууну да көбүнчө улгайган куракка калтырышат. Чынында болсо намаз да – бардык башка ибадаттар сыяктуу абдан оңой аткарыла турган бир ибадат.
Бир нерсени айта кетүү керек, Аллах бир адам үчүн эмнени парз кылган болсо, ал адам кулчулук вазыйпасы (милдети) катары аны кылууга милдеттүү. Бул үчүн болсо Аллахтын ыраазычылыгына, ырайымына жана бейишине жетүүнү үмүт кыла алат. Аллахтын адамдарга парз кылган ибадаттарда жеңилдик кылышы болсо – Аллахтын мээриминин жана боорукердигинин бир көрсөткүчү. Ошого карабастан, Аллахтын буйруктарына баш ийбегендердин болсо акыретте «күчүм жетпеди» же «оор болду», «ошол үчүн кыла албадым» деген сыяктуу эч кандай шылтоолору калбайт. (Аллах Куранда билдирген жана бир жоопкерчилик жүктөбөгөн адамдар мындан тышкары). Мисалы, даарат алуу абдан оңой кылынган. Ал тургай, эгер бир адам даарат алуу үчүн суу таба албаган учурда Аллах «таяммум кылууну» жол катары көрсөткөн жана таяммумду ар кандай шартта аткаруу абдан оңой. Аллах суу таба албагандардын кандайча таяммум кылышаарын бир аятында мындайча билдирет:
«...Эгер жүнүб (булганган) болсоңор жуунгула; эгер оорулуу же сапарда болсоңор же болбосо бирөөңөр ажатканадан келсе, же аялдарыңарды сылап-сыйпаласаңар жана (даарат же гусул үчүн) суу таппай калсаңар, анда таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп), аны менен (акырын) бетиңерди жана колуңарды сүрткүлө. Аллах силерге машакат жаратууну каалабайт, бирок силерди тазартууну жана шүгүр кылуучу болушуңар үчүн силерге нематтарын толук берүүнү каалайт.» (Маида Сүрөсү, 6)
Аллах аятында да билдиргендей, Аллах адамдарга кыйынчылык чыгарууну каалабайт. Куранда билдирилген бүт нерселерде Аллах адамдар үчүн жеңилдиктер берген. Аллах адамдарга буйрук кылган ибадаттар ыйман келтиргендер үчүн абдан жеңил. Аллах чексиз мээрими жана ырайымы менен адамдар үчүн эң жеңил жана эң сонун ибадаттарды жана жашоо калыбын билдирген жана буга баш ийгендерди болсо Өзүнүн ыраазычылыгы, ырайымы жана бейиши менен сүйүнчүлөгөн.

Согушта Намаздын Кыскартылышы

Куранда белгилүү бир убактар үчүн билдирилген жеңилдиктер да бар. Мисалы, Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) доорунда каапыр коом менен куралчан согушка кирген момундардын ошол учурларда ибадаттарын аткаруулары үчүн Аллах бир жеңилдик көрсөткөн. Согуш учурунда момундардын намазды зарыл убактарда кыскарта алышаарын мындайча билдирген:
Жер бетинде кадам басканыңарда (сапарга же согушка чыкканыңарда), каапырлардын силерге бир жамандык кылышынан корксоңор, намазды кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок. Шексиз каапырлар силерге анык душман. (Ниса Сүрөсү, 101)
Бул аяттан да байкалгандай, Аллахтын ар бир өкүмү жана ар бир буйругу бүт момундар үчүн өз-өзүнчө хикмат жана жакшылыктарга толо. Аллах кулдары үчүн кыйынчылык каалабайт. Аллах – момундардын чыныгы досу жана жалгыз өкүлү.

Орозо Үчүн Берилген Жеңилдик

Аллах Мусулмандарга Рамазан айында орозо кармоолорун буйрук кылган. Бирок Аллах аяттары аркылуу өзгөчө абалдарды, т.а. ооруп калуу, жолоочулук абалдарын да түшүндүрүп, адамдар үчүн кыйынчылык каалабаганын, жеңилдик каалаганын дагы бир жолу билдирген:
«Рамазан айы... Адамдар үчүн хидаят болгон жана туура жолду жана (акыйкат менен жалганды бир-биринен) бөлгөн апачык далилдерди (камтыган) Куран ошол айда түшүрүлгөн. Демек ким бул айга күбө болсо (жашаса) анда аны (орозо) кармасын. Ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрү тутпаган күндөрүн толуктасын (тутсун). Аллах силерге жеңилдик каалайт, оордук каалабайт. (Мындай жеңилдик) санды толукташыңар (толук тутушуңар) жана силерди туура жолго (хидаятка) жеткиргени үчүн Аллахты улукташыңар үчүн. Шүгүр кылаарсыңар. (Бакара Сүрөсү, 185)
Аллахтын өкүмдөрү менен байланыштуу аяттарында адамдар үчүн жеңилдик каалаганын билдириши диндин жеңилдигин ойлонуп, түшүнүү керек экенин да көрсөтөт. Кыйналам деп ойлоп, ибадаттарын аткаруудан качынгандар чоң жаңылыштык ичинде жана динди туура эмес түшүнүшүүдө.

Аллах Жоопкерчилик Жүктөбөгөндөр

Аллахтын мээримдүүлүгүнүн дагы бир көрсөткүчү катары күчү жетпегендерге башка адамдарга жүктөлгөн милдеттер жүктөлгөн эмес. Аллах муну бир аятында мындайча билдирет:
Сокурга кыйынчылык (жоопкерчилик) жок, чолокко да кыйынчылык жок, оорулууга да кыйынчылык жок. Ким Аллахка жана Элчисине моюн сунса, (Аллах) аны астынан суулар аккан бейиштерге киргизет. Ал эми ким жүз бурса, аны оор бир азап менен азаптандырат. (Фетих Сүрөсү, 17)
Аллах майып адамдардын ибадат милдеттерин алып койуу менен мээримин жана чексиз боорукердигинин дагы бир далилин адамдарга көрсөтүүдө. Бир аятта Аллахтын адамдарга кыйынчылык чыгарбагандыгы жана мунун Анын боорукердигинин жана мээриминин бир көрсөткүчү экендиги мындайча билдирилүүдө:
...Эгер Аллах каалаганда, силерге кыйынчылык чыгармак. Шексиз, Аллах күчтүү жана улуу, өкүм жана хикмат ээси. (Бакара Сүрөсү, 220)

Байкабастан Айтылган Анттарда Көрсөтүлгөн Жеңилдик

Ант ичүү – көбүнчө адамдар арасында көнүмүш адат катары кеңири жайылган бир кыймыл-аракет. Өзгөчө бирөөгө сөз берип жатканда, бир адам көнүмүш адат боюнча ант ичиши мүмкүн. Антка бекем туруу, берилген сөздү аткаруу болсо – Аллах Куранда буйрук кылган бир момун өзгөчөлүгү. Бирок адам унутчаак, кээде кыла турган бир ишин же берген сөзүн унутуп калышы мүмкүн. Бул – толук кадыресе, адамдын алсыздыгынан келип чыккан бир катачылык. Мына ушундай учурда Аллах, байкабастан, көнүмүш адат менен, жакшылап көңүл койбостон айтылган анттардан адамдарды жоопкерчиликтүү тутпастан, момундардын мойнунан мындай жоопкерчиликти алган. Берилген анттарга болгон бекемдик акыретте суралат, бирок Аллах Куранда өзгөчө абал деп билдиргендер – бул байкабастан жана максатсыз айтылган анттар. Аллах бир аятында муну мындайча билдирет:
Аллах силерди антыңардагы «байкабастан айткандарыңар, бош, максатсыз сөздөрүңөрдөн» улам жоопкер кылбайт; бирок жүрөгүңөр менен айткандарыңардан сурайт (суракка алат). Аллах кечиримдүү, (пейили) жумшак. (Бакара Сүрөсү, 225)
Аллах ант жөнүндө дагы бир жеңилдик берген. Бир максатта, билип туруп Аллах атынан ант берип, кийин бул антын бузгусу келгендер үчүн Аллах бир жеңилдик жолун көрсөткөн. Бул – анттардын кафарат менен жоюлушу:
Аллах антыңардын (кафарат менен) бузулушун силерге парз (же шариятка ылайык) кылды... (Тахрим Сүрөсү, 2)
...бирок жүрөгүңөргө түйгөн сөзүңөрдөн (антыңардан) силерди жоопкерчиликтүү кылат. Анын (анттын) кафараты (төлөмү) үй-бүлөңөрдү тамактандырган орточо тамак менен он кедейди тойгузуу же аларды кийинтүү же бир кулду азат кылуу. (Буларга мүмкүнчүлүгү) Жетпеген (үчүн) үч күн орозо кармоо (бар). Бул берген антыңарды (бузганыңарда) антыңардын төлөмү. Антыңарда тургула. Шүгүр кылуучу болушуңар үчүн Аллах силерге аяттарын ушинтип баян кылат. (Маида Сүрөсү, 89)
Аяттардан көрүнүп тургандай, Аллах эки абалда тең адамдардын динге ылайык кыймыл-аракет кылуулары үчүн жеңилдик көрсөтүүдө. Сонун жана туура кадам – бул, албетте, антты аткаруу. Бирок бир адам берген сөзүн унутуп калышы мүмкүн же сөз берген убактагы шарттар өзгөрүп кетиши мүмкүн жана ал адам сөзүн аткара албай турган бир абалга түшүшү мүмкүн. Аллах адамдарга жеңилдик каалап, анттарга кафарат кылуу керек болгон абалдарды билдирип, ар бир адам үчүн бир жол көрсөткөн. Ошондой эле, антты бузууда кафарат сыяктуу бир шарттын буйрук кылынышы – адамдын абийиринин үнүн угушу үчүн да бир жеңилдик. Антын бузган адам кафарат төлөшү керек болгондуктан, «антымды чындап бузушум керекпи же болбосо сөзүмдү дагы деле болсо аткара аламбы» деп дагы бир жолу ойлонот, жана мунун натыйжасында абийирге эң ылайыктуу болгон жана эң туура чечимди алат.
Аллах динин абдан жеңил кылган. Ислам дини – дайыма жана бүт темада жеңилдиктердин дини. Адам чын ыкластан динчил болууну (дин менен жашоону), Раббибиздин немат-жакшылыктарына шүгүр келтирген бир кул болууну ниет кылганда, дин ахлагын жашоодо эч кандай кыйынчылыкка кабылбайт.

Аллах Жараткан Сыноо Абдан Жеңил

Аллах Жараткан Сыноо Абдан Жеңил

Дин ахлагынан алыс жашаган адамдар өмүр бою өздөрүнө ар кандай максаттарды коюшат. Бул максаттардын орток өзгөчөлүгү – бул көбүнчө алардын бул дүйнө жашоосуна байланыштуу болушу. Мисалы, адис бир доктор, ийгиликтүү бир инженер, жакшы ата, көп акча тапкан бир ишкер же дүйнөлүк деңгээлде атактуу бир искусство адамы болуу жана ушул сыяктуу максаттар көп адамдардын эң чоң идеалдарынан болуп саналат. Булардан башка дагы көптөгөн тармакта адамдар ийгилик, бактылуулук жана бейпил бир жашоого жете алуу үчүн аракет кылышат, кээде мал-жанын сарпташат жана өз ойлорунда «бир жерлерге келүүгө» аракет кылышат. Бирок бүт бул нерселерге чөмүлгөндө, бул дүйнөгө жаралышынын чыныгы максатын унутушат же билмексен болушат.
Чындыгында болсо, ар бир адам жашоосун жана бир күн келип сөзсүз өлөөрүн ойлонуп, өзүнө кээ бир суроолорду узатышы зарыл. «Мен бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жатам?», «Жаралышымдын максаты эмне?» «(Мисалы) Балким жакшы бир архитектор болуп, көп сандагы имараттардын планын жасадым, байыдым, мал-мүлккө ээ болдум, бир наамга ээ болдум, атак-даңкка жеттим, бирок булардын баары мага эмне алып келди? Мен өлгөндөн кийин булардын кайсынысынын бир мааниси болот? Бул дүйнөдө калтыргандарымдын мага акыретте кандай пайдасы болот? Өмүрүм ушул дүйнөдө эле бүтөбү?» Мына ушундай суроолор ар бир адамдын ага өлүм келбестен мурун өзүнө узатышы керек болгон суроолордун кээ бирлери.
Бул жерде бир нерсени айта кетүү керек; адамдар, албетте, кесип ээлери болушат, ал тургай өз кесибинде абдан ийгиликтүү болууну тилек кылышат жана бул үчүн аракет кылышат. Бирок булардын баарынын адамдын чыныгы, негизги максаты үчүн бир курал, инструмент экендигин унутпоо да абдан маанилүү. Бирок, чындыкта болсо, адамдардын көпчүлүгү жашоолорунун чыныгы максатын унутушат же көрмөксөн болушат жана бүт өмүрүн түпкүрүндө инструмент, курал гана болгон мындай утурумдук нерселерге арнашат.
Чынында болсо ар бир адам, бир саамга эле ойлонсо, жете ала турган абдан маанилүү бир чындык бар: Аллах дүйнөнү да адамдарды да бир хикмат (терең максат) менен жараткан. Адамдардын жаратылуу максаты – Куранда билдирилгендей, бир гана Аллахка кулчулук кылуу. Дүйнөнүн жаратылуу максаты болсо – бул адамдардын акыреттеги абалынын аныкталышы үчүн бир сыноо мекени болушу. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:
Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)
Аллах адамдарга бул дүйнөнүн убактылуу экенин жана түбөлүк жашай турган чыныгы мекендин акырет экенин түшүнүүлөрү үчүн абдан көп далил берген.
Мисалы, дүйнө жүзүндө жүздөгөн ар түрдүү оорулардын болушу, микроскопиялык бир вирустун өзүнөн миллиондогон эсе чоң бир адамдын денесине өлүмгө да алып бара тургандай таасир этиши, адамдын дайыма тазаланууга, тамак жегенге, эс алганга жана уйкуга муктаж болушу, адам өмүрүнүн орточо 60-70 жыл сыяктуу абдан кыска болушу, убакыттын адамды абдан картайтып, «эскиртүүчү» бир таасирде болушу, бүт адамдардын аягында сөзсүз өлүшү, өмүр бою жыйнаган мал-мүлк, атак-даңк, сүйгөндөрүнүн артта калышы, адамдын денесинин топурак ичинде чирүү процессине кириши сыяктуу көптөгөн себептер – адамдардын дүйнө жашоосунун утурумдук жана кемчиликтерге толо, адамдын рухун эч ыраазы кыла албай турган бир мекен экенин түшүнүүлөрү үчүн жетиштүү, негизи. Булардын баары адамдарды дүйнөгө байлануудан тосо турган абдан маанилүү чындыктар. Аллах Куранда дүйнөнүн «жөн эле» бир мекен катары жаратылпаганын, белгилүү бир хикмат, максат менен жаратылганын мындайча билдирет:
Биз асманды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды бир оюн жана алаксуу болсун деп жаратпадык. Эгер бир оюн жана алаксуу кылгыбыз келгенде, муну Өз Кабатыбыздан кылаар элек. Кыла турган болсок, ошондой кылмакпыз. (Анбия Сүрөсү, 16-17)
Адам бир саамга ойлонгондо, бул дүйнөнүн түбөлүк жашала турган бир мекен эмес экенин, болгону бир сыноо мекени экендигин, бул жашоонун акыркы аялдама эмес, тескерисинче кыска мөөнөттүү бир токтоочу мекен экенин, бул утурумдук мекенде жашаган ар бир көз ирмеминен суракка алынаарын, эң негизгиси аны жоктон бар кылып жараткан Раббибиздин алдында жоопкерчиликтүү экендигин оңой гана түшүнө алат.
Муну түшүнгөн адам дагы бир баскыч алга кадам жасап, төмөнкүнү ойлонушу керек: Аллах бул дүйнөдө адамдарды ар түрдүү окуялар менен, жамандык жана жакшылыктар менен сыноодо. Күн бою адам башынан өткөргөн окуялардын баары чындыгында өлүмдөн кийинки түбөлүк жашоодо жашай турган мекенин аныктаган сыноолордон турат. Жана Аллах ар бир адамга бул сыноодо бир жеңилдик кылган жана ага жолун, т.а. эмне кылышы керек экенин көрсөткөнүн билдирген:
Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо нашүгүр (шүгүр кылбагандардан болот). (Инсан Сүрөсү, 2-3)
Аяттарда билдирилгендей, Аллах бүт адамдардын жашоолорунда сөзсүз алар үчүн туура жолду көрсөткөн, жана дин жана сонун ахлак жөнүндө маалыматка ээ болууларын камсыз кылган. Ар бир адам бул дүйнөнүн утурумдук бир мекен экенин жана акырети үчүн бул өмүрүн Аллахты ыраазы кыла тургандай жашашы керек экенин бир себеп аркылуу үйрөнөт. Кыскача айтканда, бул дүйнө жашоосу – бул адамдар кабарсыз болгон же ийгиликке жетүү үчүн эмне кылышы керек экенин билбеген бир сыноо эмес. Аллах ар бир доордо жөнөткөн элчилери (пайгамбарлары), мурда жөнөткөн китептери жана ар бир адамда жараткан абийир аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтөт жана аларды туура эмес жолдон тосот. Аллахка ыйман келтирген, Ага толук баш ийген, бир гана Аллахты өзүнө дос жана өкүл туткан, ар бир окуяда Аллахка кайрылып, Ага тобокел кылган момундар үчүн Аллах жараткан ар бир сыноо абдан оңой жана көңүлдүү. Ыймандын сырын билгендер, Аллахка чындап ыйман келтиргендер үчүн бул дүйнө жашоосунун эч бир көз ирмеминде кыйынчылык, азап, кайгы, оордук жок. Ар бир окуя Аллахка жакындоо жана бейишти андан да көбүрөөк үмүт кылуу үчүн бир немат-жакшылыкка айланат.
Чыныгы ыймандын шарттарынын бири – бул Аллахты абдан жакшы таануу жана билүү. Бир адам Аллахты канчалык жакшы тааныса, Аллахтын күч-кудуретин канчалык жакшы билсе, Аллах коркуусу (такыбалыгы) жана Аллахка жакындыгы да ошончолук күчтүү болот. Мисалы, Аллахтын кечиримдүү экенин билген бир адам эч качан ката жана кемчиликтеринен улам үмүтсүздүккө же пессимисттике түшпөйт. Аллахтын ырыскы берүүчү экендигин билген бир адам акча табууда ач көздүк кылбайт. Аллахтын ырыскы берүүчү экендигин билет; иштейт, аракет кылат, бирок ырыскы өлчөмүн Аллахтын аныктаганын жана өзүнүн аны өзгөртө албашын билип, буга баш ийип, көңүлү тынч болот. Ошондуктан, Аллахты билген жана тааныган бир адам үчүн дүйнө жашоосу абдан көп жеңилдик жана немат-жакшылыктарга толо; ал адам дайыма Аллахтын бир көрүнүшүн жана жаратуусундагы бир кооздукту көрүү менен жашайт. Кыскача айтканда, Аллахка өзүн тапшырган ыкластуу Мусулмандар үчүн Аллах жараткан сыноо абдан оңой жана көңүлдүү, кызыктуу.

Аллах Кечиримдүү

Аллахтын чексиз боорукердиги жана мээрими адамдар үчүн абдан чоң бир жакшылык. Себеби адам – капылетке түшүшү (алаксып калышы) мүмкүн болгон, унутчаак, жаңылышы, ката кетириши мүмкүн болгон бир жандык. Аллах чексиз мээрими менен адамдарга дайыма каталары үчүн Аллахтын кечиришин суроо жана тообо кылуу мүмкүнчүлүгүн берген. Аллахтын азабына кабылуу коркуусу менен күнөөлөрүнүн кечирилишин ыкластуу, чын жүрөктөн каалаган ар бир адам Аллахтын аны кечиришин үмүт кыла алат. Себеби Куранда билдирилгендей, «Аллах тооболорду кабыл кылгысы келет» (Ниса Сүрөсү, 27). Аллах бир аятында кечиримдүү экенин мындайча билдирет:
Ким бир жамандык кылып же напсисине зулумдук кылып, анан Аллахтын кечиришин суранса, Аллахтын кечиримдүү жана ырайымдуу экенин көрөт. (Ниса Сүрөсү, 110)
Аллах кечиримдүүлүгү менен адамдарга жашоолору боюнча тынымсыз жаңы мүмкүнчүлүктөр берет. Адамдын милдети – бул кайра кылбай турган болуп катасынан кайтуу жана өлүм келээрден мурда абийиринин үнүн угуп, тообо кылуу. Аллах бир гана ыклассыз адамдардын тооболорунун кабыл алынбашын бир аятында мындайча билдирет:
Ал эми күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм келгенде гана «мен эми тообо кылдым» дей турган адамдардын жана каапыр бойдон өлгөндөрдүн тооболору кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз. (Ниса Сүрөсү, 18)
Аллахтын адамдардын күнөөлөрүн кечирүүчү болушу, жазаларын кечиктириши жана аларга жашоолору боюнча дайыма жаңы дагы бир мүмкүнчүлүк бериши – бул Анын адамдарга абдан чоң берешендиги, ырайымы жана мээриминин бир көрүнүшү. Эгер адамдар күнөөлөрү үчүн ошол замат суракка алынып, жазаландырылган болгондо, Аллах билдиргендей жер жүзүндө бир да тирүү жандык калмак эмес:
Эгер Аллах адамдарды зулумдуктары үчүн (ошол замат) суракка тарткан болгондо, анын бетинде (жер жүзүндө) жандуулардан эчтеке калбайт эле; бирок аларды белгиленип коюлган бир мөөнөткө чейин кечиктирүүдө. Алардын ажалдары жеткенде, бир саат кечиктирилбейт да, эртерээкке да жылдырылбайт. (Нахл Сүрөсү, 61)
Ошондуктан, адамдар каталары же күнөөлөрү кандай гана болбосун, эч качан Аллах ыраазы боло тургандай бир кул боло алуу үчүн кеч калган болбойт. Адам жашоосу боюнча канчалык ката кетирген болбосун, динден канчалык алыс жашаган болбосун, ыкластуу, чын жүрөктөн тообо кылып, ыкластуу бир кул болгон болсо, өтмүштө кылган каталарын ойлонбой эле койсо болот. Мурда кылгандары – адамдар үчүн болгону сабак алуу, ошол эле каталарды кайра кылбоо, ошол сыяктууларды кайра жасабоо үчүн сабак алышы керек болгон эскерүүлөр гана. Аллах, эскертүү келип, туура жолду тапкан соң, ыкластуу пенделерин мурда кылгандарынан жоопкерчиликтүү кылбашын Куранда кабар берген:
...Аллах өтмүштө (кылгандарын) кечирди. Бирок ким кайталаса, Аллах андан өч алат. Аллах улук жана күчтүү, өч алуучу. (Маида Сүрөсү, 95)
Ал каапырларга айткын: «Эгер жолдорунан кайтышса өтмүштө (кылган) нерселери кечирилет. Бирок кайра (эски жолуна, көнөөлөргө) кайтышса, мурдакы (коомдорго келген) сүннөт (т.а. азап) сөзсүз (алардын башына да) келет. (Анфал Сүрөсү, 38)
Эч шексиз, бул – Аллах динде адамдарга тартуулаган абдан чоң бир жеңилдик.

Аллах Бүт Дубаларга Жооп Берет Жана Ар Бир Адамга Абдан Жакын

Дин ахлагынан алыс коомдордо Аллахка дуба кылуу ар кандай батыл (жалган) ишеним жана ойдон чыгарылган кошумчалар менен оордоштурулган. Адамдар дайыма Аллахка кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар экенине карабастан, дуба үчүн убакыттар белгилеп алышкан же ортого ортомчуларды коюп алышкан. Аллах мындай батыл ишенимдерге карата адамдарга мындайча эскертүү берет:
Кабарың болсун; калыс (кошумчасыз) дин бир гана Аллахтын (дини). Андан башка достор туткандар (мындай дешет:) «Биз буларга бизди Аллахка көбүрөөк жакындаштырсын деп ибадат кылып жатабыз.» Албетте, Аллах алар талашкан нерселер жөнүндө араларында өкүм берет. Чындыгында Аллах жалганчы, каапыр адамды хидаятка (туура жолго) баштабайт. (Зүмер Сүрөсү, 3)
Аллахка дуба кылуу үчүн ар кандай ортомчулар керек деп айткан адамдар чындыгында динди оор көрсөтүп адамдарды жолдон адаштырышууда. Себеби, «Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктар берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.» (Каф Сүрөсү, 16) аяты аркылуу билдирилгендей, адамга эң жакын болгон – бул дайыма Аллах. Б.а. адам ар дайым каалаган убагында Аллахка кайрыла алат, каалаганда Раббибизге үнүн угуза алат, дуба кылып жардам сурай алат.
Дуба кылуу үчүн атайын убакыттарды күтүшү да керек эмес. Дайыма, ар качан Аллахка дуба кыла алат. Антпесе, адам өз башынча эрежелер чыгарып алган болот. Адам бир жерден бир жерге баратканда, тепкичтен түшүп баратканда, соода-сатык кылып жатканда, тамак жасап жатканда, телевизор көрүп жатканда, лифтте баратканда, бир жерде күтүп турганда, кечинде жатканда, эрте менен турганда, тамак жеп жатканда, унаа айдап баратканда, кыскача айтканда, ар кандай жерде жана дайыма Аллахка дуба кылып, Аллахтан каалагандарын билдире алат. Бул үчүн оюнан өткөрүп коюшу да жетиштүү, себеби Аллах – адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө сактагандарын да билүүчү, баарынан кабардар.
Ошону менен бирге, Аллахка дуба кылган ар бир адам Аллахтын дубаларга сөзсүз жооп берүүчү экендигин билиши зарыл. Аллах муктаж адамдардын дайыма Ага кайрылганда, иштерин жеңилдештирээрин төмөнкү аяты аркылуу билдирет:
Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, балээни ким кайтарат? Жана силерди жер бетине (ким) халифа-орун басар кылат? (Аллахпы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) башка «кудайбы»? Канчалык аз ойлоносуңар. (Намл Сүрөсү, 62)
Аллах пенделерине берген мындай чексиз мүмкүнчүлүк – бул, албетте, Анын чексиз мээриминин бир көрүнүшү. Аллах Куранда адамдарга жакын экенин, Ага багытталгандардын Досу болоорун жана дуба кылгандын дубасына сөзсүз жооп берээрин көптөгөн аяттары аркылуу билдирүүдө. Бул аяттардын бири төмөнкүдөй:
Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)
Момундар Аллахтын мындай мээрими жана жакшылыгы жөнүндө дагы бир жолу ойлонуп, Аллахтын ыраазычылыгына эң ылайыктуу жашашы зарыл. Себеби Аллах адамдарга берген мындай жеңилдик ушунчалык улуу жана чексиз бир мүмкүнчүлүк, ойлоп көрүңүз, бүт нерсенин, ааламдардын Ээси, Өкүмдары болгон жалгыз күч-кудуретке ээ Зат болгон Аллах адамдарга каалаган бүт нерсеңерге жооп берем деп убада кылууда. Жана Аллах эч качан убадасынан кайтпайт.

Аллах Эч Кимге Күчү Жеткенден Ашыкчасын Жүктөбөйт

Бир адам жашоосунда кабылган окуялар ошол учурда ага канчалык кыйын көрүнсө да, чындыгында окуялардын баары ал адам сабыр кыла ала тургандай күчтө болот. Адамды жараткан жана ага рух берген – бул Аллах. Ар бир адамдын эмнеге, канчалык чыдай алаарын, канчалык жүктү жана кыйынчылыкты көтөрө алаарын да эң жакшы Аллах билет.
Аллах эч кимге көтөрө алгандан ашыкча жүктөлбөсүн жана эч кимдин адилетсиздикке кабылбашын көптөгөн аяттары аркылуу билдирген:
Аллах эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйт. (Адамдын напсисинин) Пайдасы да өз иши, зыяны да өз иши... (Бакара Сүрөсү, 286)
Ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар бейиштин калкы. Биз эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз. Ал жерде (бейиште) түбөлүк калышат. (Араф Сүрөсү, 42)
Эч шексиз, ар бир адамдын сабыр кыла ала турган, тобокел кыла ала турган окуялары бирдей болбошу мүмкүн. Көп адамдар ар кандай окуялар менен сыналышат. Бирок баары бир Аллах ар бир адам үчүн күчү жеткен деңгээлде бир сыноо кылат. Мисалы, кээ бир адам дүйнөдө кедей абалда жашайт жана жокчулук ичинде канчалык сабыр кылаары сыналат. Кээде болсо байлык жана бардарчылык ичинде жашайт жана мындай жашоо ичинде канчалык шүгүр кылуучу, канчалык сонун ахлактуу экендиги менен сыналат, дүйнө жашоосуна ачкөздүк менен байланып байланбашы сыналат. Бирок, кандай гана болбосун, бай да, абдан жакыр жашап жаткан да өздөрү үчүн эң жакшы (эң кайырдуу) жашоону жашап жаткандыр. Жакыр адам канчалык кыйналса да, бул ал чыдай албай турган бир кыйынчылык эмес. Ошол сыяктуу, бай адам да канчалык бай болсо да, бул аны көөп, нашүгүр бир адам болушуна мажбурлай албайт. Бул адамдардын Аллахка болгон жакындыгы, сурак күнүнөн болгон коркуусу алардын Куран ахлагын жашаган, диндин буйруктарын аткарган адамдар болушун камсыз кылат. Мындай адамдар кабылган ар бир окуясында дайыма Аллахка багытталышып, Андан жардам сурап, бир гана Раббибиздин ыраазычылыгын максат кылышат. Мындай адамдар эч качан кыйынчылыктардан жалтанышпайт, сыналган окуялары канчалык оор болсо да динден алысташпайт. Мындай Аллахка таянып ишенген адамдар үчүн Аллах чексиз боорукердиги жана мээриминин бир көрсөткүчү катары ар бир окуяны, эң оор көрүнгөнүн да жеңилдештирет. «Ким ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылса, ал үчүн сонун сыйлык бар. Ага буйругубуздан жеңилин айтабыз.» (Кехф Сүрөсү, 88) аятында да бул билдирилген. Аллах бул чындыкты башка аяттарында мындайча кабар берген:
Бирок ким (кайыр-садака) берсе жана коркуп-сактанса, жана эң сонун нерсени тастыктаса, Биз ага жакшылыкты жеңил кылабыз. (Лайл Сүрөсү, 5-7)
Аллахка таянып ишенбегендерге болсо оңой окуялар да оор сезилет. Аллах мындай адамдардын нашүгүрдүгүнө, динден баш тартышына, Куран ахлагынан алысташына жооп катары аларга дүйнө жашоосунда дайыма кыйынчылык берет:
Ал эми ким сараңдык кылса жана өзүн жетиштүү көрсө (сооп керек эмес десе), жана эң сонунду (ыйманды) жалган десе, Биз ага эң оорду (азапка кабылышын) жеңил кылабыз. (Тозокко) Оңкосунан сайылган убакта мал-мүлкү ага эч кандай пайда бербейт. Албетте, Биздин ишибиз жол көрсөтүү. (Лайл Сүрөсү, 8-12)

Аллах Ар Бир Кыйынчылык Менен Бирге Бир Жеңилдик Жаратат

Аллах дүйнө жашоосунда адамдарды сынап жатканда, чексиз мээриминин бир натыйжасы катары ар бир кыйынчылык менен бирге сөзсүз бир жеңилдик жаратаарын да сүйүнчүлөгөн. Аллах аяттарында бул сүйүнүчтүү кабарды мындайча билдирет:
Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 5-6)
Куранда пайгамбарлардын жана ыкластуу момундардын жашоолорун караганыбызда, алар кабылган кыйын сыяктуу көрүнгөн ар кандай абалда Аллахтын сөзсүз бир жеңилдик жаратканы көңүлүбүздү бурат. Аллах «Фаттах» сыпаты менен ар кандай кыйынчылыктарда жол ачуучу, жеңилдештирүүчү.
Куранда Аллах жолунда аракет кылып жатышканда кабылган начар мамиле жана кол салуулар себебинен жашаган жерин таштап көчүүгө мажбур болгон, б.а. хижрат кылган момундар мисал берилет. Бул адамдар бардык иштерин, үйлөрүн, бакчаларын, мал-мүлкүн таштап, эч билбеген жерлерге, эч тааныбаган адамдардын жанына көчүүгө мажбур болушкан. Бул сырттан караганда оор бир абал. Бирок Аллах Ниса Сүрөсүндө хижрат кылган момундардын абалын жеңилдештиргенин жана аларга немат-жакшылыктар бергенин мындайча билдирет:
Аллах жолунда хижрат кылган жер жүзүндө жашай турган көп мекен да табат, береке (жана бардарчылык) да. Аллахка жана Элчисине хижрат кылуу үчүн үйүнөн чыккан, кийин ага өлүм келген адамдын сооп-сыйлыгын, шексиз, Аллах берет. Аллах кечиримдүү, мээримдүү. (Ниса Сүрөсү, 100)
Аллах бул убадасын Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган момундарга апачык көрсөткөн. Дүнүйөлүк баалуулуктарга маани бербеген сахабалар Аллах жолунда өз мал-мүлктөрүнөн эч аябастан, ар кандай кыйынчылыктарга ыраазы болушкандыктан, Аллах мындай сонун ахлактарына сыйлык катары аларга эң сонун ырыскыларды берген жана жашаткан. Алардын бүт иштерин башка адамдарга караганда жеңилдештирген. Сахабалар жашаган мындай жеңилдик жана Аллахтын ырайым, мээримин Аллах бир аятында төмөнкүдөй кабар берет:
Эстегиле; силердин саныңар аз эле жана жер жүзүндө алсыз болуп калган элеңер, адамдардын силерди тутуп-кармап алышынан коркуп жүргөн элеңер. Ал (Аллах) силерди жайгаштырган эле, силерди жардамы менен колдоду жана шүгүр кылышыңар үчүн силерге таза нерселерден ырыскылар берди. (Энфал Сүрөсү, 26)
Башка пайгамбарлардын жашоолорундагы көптөгөн мисалдар да Аллах момундарга берген жеңилдиктердин апачык көрсөткүчтөрү.
Мисалы, Аз. Йусуфтун жашоосундагы көп окуяда Аллах мээрими менен берген мындай жеңилдик көрүнүүдө. Аз. Йусуф андан кызганган бир туугандары тарабынан кудукка ташталгандан кийин кудуктун жанынан өтүп бараткан бир кербен тарабынан табылган. Аз. Йусуфту кудуктан куткарган адамдар аны кул катары бир вазирге сатышкан. Бир топ убактан кийин Аз. Йусуф эч кандай кылмышы болбогонуна карабастан, ага жабылган жалаалар себебинен түрмөгө (зынданга) камалган. Аз. Йусуфтун жашоосундагы мындай окуялар бир караганда абдан оордой көрүнүшү мүмкүн. Бирок Аллах Аз. Йусуф көрсөткөн сонун ахлагы жана тобокелдүүлүгү үчүн ага дүйнөдө да сыйлыктар берүү аркылуу, кыйынчылыктар менен бирге сөзсүз жеңилдиктер кылаарын көрсөткөн. Аз. Йусуф башына келген көптөгөн терс, жамандык сыяктуу көрүнгөн окуялар себебинен казынанын башчылыгына дайындалып, маанилүү бир башкарма болгон.
Аллах Аз. Мусанын жашоосунда да кыйынчылыктар менен бирге жеңилдиктер кылуу менен момундарды колдогон. Аз. Муса адамзат тарыхында жашаган эң чектен чыгып, көпкөн адамдардын бири фараон менен болгон күрөшүндө да Аллахтын жардамы жана колдоосу менен жеңишке жетишкен. Аллах ага бир тууганы Харунду бир жардамчы кылып бериши үчүн дуба кылган Аз. Мусанын дубасына жооп берген. Мындан тышкары, Аллах Аз. Мусаны кереметтүү кээ бир окуялар менен да колдоп, анын фараондун сыйкырчыларын жеңишин камсыз кылган. Аз. Муса да эң оор шарттарда да Аллахтын жардамынын ыйман келтиргендер менен бирге экендигин унуткан эмес. Бир тараптан фараондун аскерлери кууп келатканда, экинчи тараптан деңизге туш келген Аз. Муса жанындагы момундарга Аллахтын жардамынын дайыма жанында экенин айткан жана Аллахтын сөзсүз бир чыгуу жолун көрсөтөөрүн эстеткен:
(Муса:) «Жок» деди. «Шексиз, Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.» Анан (Биз) Мусага: «Асаң менен деңизди ур» деп вахий кылдык. (Урду жана) Деңиз ошол замат экиге бөлүндү да ар бир бөлүгү чоң бир тоодой болду. Беркилерди да ал жерге жакындаттык. Мусаны жана анын жанындагыларды куткардык. Кийин беркилерди сууда чөктүрдүк. (Шуара Сүрөсү, 62-66)
Пайгамбарлардын жашоосунан дагы бир мисал болсо – бул Аз. Мухаммеддин (сав) артынан мушриктер кууп баратканда, бир үңкүргө жашырынганда жанында бир момундун болушу. Пайгамбар Мырзабыз Аз. Мухаммеддин Аллахка шерик кошкондордон келген кооптуу абалда турганда, жанында жардамчы бир момундун болушу – бул Аллах ага тартуулаган жеңилдиктердин бирөөсү:
Силер Ага (пайгамбарга) жардам бербесеңер, Аллах Ага жардам берген. Каапырлар экөөнүн бири абалда Аны (Меккеден) чыгарышкан эле; экөөсү үңкүрдө турушканда курдашына мындай деген эле: «Кайгырба, албетте Аллах биз менен бирге.» Ушундайча Аллах Ага «бейпилдик жана ишеним сезимин» түшүргөн эле, Аны силер көрбөгөн ордолор (аскерлер) менен колдоп, каапырлардын сөзүн (каапырчылыкка чакырыктарын) төмөн кылган эле. Чындыгында Аллахтын сөзү – Улук. Аллах улуу жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Тообо Сүрөсү, 40)
Чынында адам хикмат көзү менен караганда, жашоосунун ар бир көз ирмеминде Аллах ал үчүн жараткан жеңилдиктерди көрө алат. Бирок бул чындыкты көрө алган адамдар – бул Аллахтан коркуп сактанган, Аллахка тобокел кылган, ар кандай кыйынчылыкка кабылганда, анын тагдырында экенин билип, жалгыз дос жана велисинин Аллах экенине ыйман келтиргендер. Аллах аяттарында мындай кулдарына күтпөгөн жерлерден ырыскы берип, алардын ишин жеңилдетээрин билдирет:
...Муну менен Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылгандарга кеңеш-сабак берилет. Ким Аллахтан коркуп-сактанса, (Аллах) ага бир чыгуу жолун көрсөтөт; жана ага күтпөгөн бир тараптан ырыскы берет. Ким Аллахка тобокел кылса, Ал ага жетиштүү. Албетте Аллах Өз буйругун аткарып-ишке ашыруучу. Аллах бүт нерсе үчүн бир өлчөө кылган. (Талак Сүрөсү, 2-3)
Кеңири мүмкүнчүлүктөрү болгон, нафаканы кеңири мүмкүнчүлүгүнө жараша берсин. Ырыскысы чектүү да, Аллах ага бергенине ылайык берсин. Аллах эч бир жанга ага бергенден ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик берет. (Талак Сүрөсү, 7)
Аллах аяттарында да билдиргендей, Аллах койгон өкүмдөрүнө чын жүрөктөн (ыкластан) баш ийгендер үчүн сөзсүз бир жеңилдик жаратат. Буга ыйман келтирген момундар эч качан кыйынчылыктар алдында жалтанышпайт.
Аллах Инширах Сүрөсүндө да ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик бар экенин жана Өзүнүн адамдын үстүндөгү жүктү алып салуучу экендигин мындайча сүйүнчүлөгөн:
Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи? Жана жүгүңдү азайтып-алып салбадыкпы? Ал (жүк) сенин белиңди бүккөн эле; Сенин зикириңди (атак-даңкыңды) көтөрбөдүкпү? Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 1-6)

Аллах Момундарга Көрүнбөс Жана Сезилбес Жолдор Аркылуу Жеңилдик Жана Жардам Берет

Башында да айтылгандай, бул дүйнө бир сыноо мекени катары жаратылган. Бүт адамдар бул жерде Аллахка жана акырет күнүнө болгон ишенимдери менен сыналышууда. Аллах жараткан мындай сыноо чөйрөсүнүн бир талабы катары, сырттан караганда жамандык кылгандар да, жакшылар да бирдей шарттарда жашап жаткандай көрүнөт. Чынында болсо, Аллахка ыйман келтиргендердин жашоосу динди жокко чыгаргандардын жашоосунан такыр башкача. Мурдараак да айтылгандай, Аллах ыйман келтирген пенделерине дайыма жеңилдик берет, алардын иштерин жеңилдештирет, кыйын учурларда да сөзсүз андан чыгуу жолун көрсөтөт. Бул – Аллахтын ачык жардамы.
Бирок Куранда Аллахтын кулдарына сезилбес жолдор менен жардам берээри, аларга күтпөгөн жерден колдоо жана жеңилдик берээри да кабар берилген. Аллах Куранда билдирген бул жардамдарды бир канча топторго бөлүп мисал келтирүүгө болот.

Аллах Момундарга Периштелер Аркылуу Жардам Жөнөтөт

Аллахтын момундарга болгон жардамы ар кандай түрлөрдө болот. Аллахтын жардамдарынын бири – бул периштелерди оор шарттарда момундарга жардамга жөнөтүшү. Аллах Куранда мындай жардамды Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир окуяны мисал келтирүү менен кабар берүүдө:
Сен момундарга: «Раббиңердин силерге периштелерден түшүрүлгөн үч миң киши менен жардам жеткириши силерге жетпейби?» деп жаткан элең. Ооба, эгер сабыр кылсаңар, сактансаңар жана алар да күтпөгөн жерден кол салып калышса, Раббиңер силерге периштелерден беш миң киши менен жардамын жеткирет. Аллах муну (жардамды) силерге бир гана сүйүнүчтүү кабар болсун жана жүрөктөрүңөр муну менен бейпил болсун деп кылды. Жардам жана жеңиш бир гана улуу жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси Аллах Кабатында. (Али Имран Сүрөсү, 124-126)
Аллах дагы бир аятында болсо момундарга көрүнбөгөн аскерлер менен да жардам бергенин баяндаган:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахтын силерге берген нематын эстегиле. Силерге ордолор (душман аскерлери) келген эле; Биз алардын үстүнө бир шамал жана силер көрбөгөн аскерлер жөнөткөн элек. Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Ахзаб Сүрөсү, 9)
Аллахтын Куранда момундардын дайыма жеңишке жетишээрин билдириши – момундар үчүн сонун жана күч-кубат берүүчү бир убада. Бирок бул жерде бир нерсени да айта кетүү зарыл. Ар бир жардам Аллахтан жана эч шексиз күч-кудуреттин баарынын ээси бир гана Аллах. Момундар чыныгы жеңиш жана жардамдын Аллахка тиешелүү экенин билишет. Периштелердин жардамчы болушунун болсо Аллахтын бир сүйүнчүсү, аларга жардам жана колдоосунун периштелердин жардамы абалындагы көрүнүшү экенин эч унутушпайт. Себеби Раббибиз аяттарында бул чындыкты мындайча эске салат:
Силер Раббиңерден жардам сурап жаткан элеңер, Ал: «Шексиз, Мен силерге бири-биринин артынан миң периште менен жардам беремин» деп жооп берген эле. Аллах муну бир гана бир сүйүнүчтүү кабар жана жүрөктөрүңөр бейпил болсун үчүн кылган эле; Аллахтын Кабатынан башкасында нусрет (жеңиш жана жардам) жок. Эч шексиз, Аллах улуу жана күчтүү, өкүм жана хикмат ээси. (Энфал Сүрөсү, 9-10)
Аллахтын каалаган пендесине, каалагандай жол менен жардам берээрин билген момундардын эң оор шарттарда да ичтеринде бир ишеним жана бейпилдик сезими болот. Мындай маанай ичинде руханий жактан абдан сонун бир өмүр сүрүшөт.

Аллах Момундарды Душмандарына Каршы Колдойт

Аллахтын каалоосу менен ыйман келтиргендердин саны бүт доорлордо дайыма аз болгон. Бирок жеңүүчүлөр – сан жагынан көп болгондор эмес, дайыма момундар. Момундар Аллах берген акыл, баам-парасат, көрөгөчтүк, сонун ахлак сыяктуу немат-жакшылыктар менен дайыма каапыр адамдарга каршы ийгиликке жетишкен. Ошондой эле, Аллах кээде момундарды каапырлардын көзүнө сан жагынан жана күч-кубат жагынан да көп көрсөткөнүн жана мунун каапырларда жалтануу жана коркууга себеп болгонун да кабар берген. Аллах аяттарында Асры Саадет доорунда болгон мындай бир окуяны төмөнкүдөй билдирет:
Бетме-бет келгениңерде Аллах боло турган ишти ишке ашыруу үчүн аларды силердин көзүңөргө аз көрсөтүп, силерди алардын көзүнө көп көрсөттү. Жана (бардык) иштер Аллахка кайтарылат. Эй ыйман келтиргендер, кутулууга жетүү үчүн бир коомго жолукканыңарда чыдамдуу болгула жана Аллахты көп эстегиле. (Энфал Сүрөсү, 44-45)
Аз сандагы момундун каапырлардын көзүнө абдан күчтүү жана жеңилиши кыйын, көпчүлүк бир коомдой көрүнүшү, эч шексиз, Аллахтын кереметтеринин бири жана ошол эле учурда момундар үчүн да абдан чоң бир жеңилдик болгон. Ушундайча Аллах момундарды ийгиликке жеткирген.
Ошондой эле, Аллах башка аяттар аркылуу Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммедге (сав) Өзү каалаганда момундардын күч-кубатын эсе эсе көбөйтөөрүн билдирген. Сабыр кылгандары үчүн ыймандуу пенделерине үмүт кылгандарынан бир топ чоң бир күч жана жеңиш берээрин мындайча убада кылган:
Эй пайгамбар, момундарды согушка даярдап-чакыр. Эгер араңарда сабыр кылган жыйырма (адам) болсо, эки жүз (адамды) жеңет. Жана эгер араңарда жүз (сабырдуу адам) болсо, каапырлардан миңин жеңет. Себеби алар (чындыкты) аңдап-түшүнбөгөн бир коом. Эми Аллах силерден (жүгүңөрдү) жеңилдетти жана силерде бир алсыздык бар экенин билди. Силерден жүз сабырдуу (адам) болсо, (алардын) эки жүзүн кыйратат; эгер силерден миң (адам) болсо, Аллахтын уруксаты менен, (алардын) эки миңин жеңет. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге. (Энфал Сүрөсү, 65-66)
Аллах, жогорудагы аяттарда билдиргендей, Пайгамбарыбыз (сав) доорунда момундарды, куралдуу согуштун ичинде болушкандыктан, каапырлардын көзүнө сан жагынан жана күч-кубат жагынан көп жана күчтүү кылып көрсөтүү менен момундарды колдогон. Себеби Аллах – момундардын дайыма досу жана жардамчысы. Каапырлардын саны канчалык көп болсо да, канчалык көп күчкө ээ болушса да, түпкүрүндө бүт күч-кудуреттин баары Аллахка тиешелүү. Аллах – бир гана «Бол» деген буйругу менен каалаганын жасоочу. Аллахка таянып ишенген, Анын чексиз күч-кудуретин, бүт нерсеге күчү жетүүчү экенин аңдап-түшүнө алган адамдар дайыма көңүлдөрү бейкапар болот.

Аллах Момундардын Жүрөктөрүнө Ишеним Жана Бейпилдик Сезимин Салат

Аллах Энфал Сүрөсүндө Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир кыйынчылык учурунда момундарга берген руханий колдоосун мындайча кабар берет:
Ошондо силерди Өзү тарабынан тынчтык бейпилдик болушу үчүн уйку (уйкусуроо) менен ороду. Жана жүрөгүңөрдү, кадамыңарды аны менен бекемдеп, силерден шайтандын азгырыгын кетирип, таза-пакиза кылуу үчүн үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырды. (Энфал Сүрөсү, 11)
Аятта билдирилген «уйку ороду» сөзү эч шексиз руханий бир уйкуга ишарат кылууда. Аллах кыйынчылык убагында ыкластуу пенделерине ушундай бир руханий абал берген жана мындай руханий колдоонун натыйжасында момундар бейпилдик, ишеним жана чечкиндүүлүк сезимин жашашкан.
Негизи мындай бейпилдик жана ишеним сезими момундардын бүт жашоосуна өкүмчүлүк кылат. Аллахка жана акыретке ыйман келтирген адамдар Аллахтын бүт нерсенин жалгыз өкүмдары, ээси экенин билишкендиктен, ансыз деле кандай окуяга кабылса да дүрбөлөңгө түшпөйт, кыйынчылык жана азап тартпайт. Раббибиздин бүт нерсени алар үчүн эң жакшы боло турган, акыреттерине эң пайдалуу боло турган негизде жаратканын билишет.
«Эгер Аллах силерге жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт жана эгер силерди жападан жалгыз жана жардамсыз таштаган болсо, андан соң силерге ким жардам берет? Демек момундар бир гана Аллахка тобокел кылышсын.» (Али Имран Сүрөсү, 160) аятына чындап ыйман келтиришет жана тобокелдүүлүктүн руханий бейпилдиги ичинде өмүр сүрүшөт. Башына келген кыйынчылык канчалык чоңдой көрүнсө да, баары бир баарынын утурумдук экенин билишет. Себеби дүйнө жашоосунун түбөлүк акырет жашоосуна салыштырганда абдан кыска бир убакыт экенин унутушпайт.
Бул дүйнөдө адамдын башына келе турган кыйынчылык адамдын бүт өмүрү бою уланса да, эң көп 50-60 жыл болот. 50-60 жыл тобокелдик жана сонун ахлак менен өткөрүлгөн бир өмүрдүн түбөлүк бейиш жашоосундагы сыйлыгы болсо, эч шексиз, такыр башкача болот. Бейиште момундар эч кандай кыйынчылык, азап, жокчулук, тажоо, кыйноого кабылышпайт, тескерисинче чексиз кооздуктар ичинде көңүлдөрү каалаган нерселердин баарына жетишет.
Мына ушул чындыкты билип, түшүнүү ыйман келтирген бир адамдын ар кандай окуяда бекем, күчтүү бир тобокелдик менен жашашына себепчи болот. Мунун руханий бакыт жана кубаныч сезими да бул дүйнөдөгү эң чоң жеңилдиктердин бири.
Бүт жүрөктөр жана бүт күч-кудуреттин Аллахтын колунда экенин унутпоо керек. Аллах каалаганда, каалаган окуясын, каалаган абалда жаратат. Бейпилдик жана ишеним издеген адам, Аллах бермейинче, эч кайсы жол менен ага жете албайт. Куран ахлагын жашоонун адамдарга берген жеңилдиги – бул адамдын бүт нерсенин Аллахтын буйругунда экендигин билиши. Бүт ишинде Аллахка багытталган, ар бир ишинин сыйлыгын бир гана Аллахтан күткөн адам дайыма Аллахтын жардамына жана колдоосуна ар кандай жолдор аркылуу жолугат.
Жок, силердин мевлаңар (кожоюнуңар) – бул Аллах. Ал – жардам берүүчүлөрдүн эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 150)